Биз менен байланышыңыз

«Коронавирустан айыккан адам 4-6 айдан кийин вакцина алса болот»

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Сен 2021 | 679 | 0

Азырынча кош бойлууларга эмдөө жүргүзсө болору айтыла элек. Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, кош бойлуу экенин билбей, вакцина алып алгандар бар. Алардын саламаттыгы начарлап, же шектүү белгилер болгон жок.

«Бала эмизгендер арасында Европага, же чет жакка чыгышы керек болуп, өздөрү жоопкерчилик алып, эмделгендер болуп жатат. Негизи вакцинанын инструкциясында кош бойлууларга болбойт деп жазылган эмес. Бирок биз алдын алып, сунуштабай элебиз. Эң биринчи эле аллергиясы барларга болбойт деп жазылган. Эмдөө жүргүзүп жатканда медиктер сурамжылоо жүргүзүшөт. Аллергиясы барларга саюудан баш тартышат», — дейт ал.

Ошондой эле коронавирус менен жаңы ооруп айыккан болсо, же үй-бүлө мүчөлөрүнөн ооруп жаткандар болсо, эмдөө албай туруш керек. Ооругандан 4-6 ай өткөн соң, антитело бары-жогун текшерип отурбастан, вакцина ала берсе болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM