Биз менен байланышыңыз

«Акыркы 10 жылда календарга 5 жаңы вакцина кошулду»

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Сен 2021 | 537 | 0

Эл коронавируска каршы эмдөө алгандан чочулабашы керек. Мындай пикирин Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин калк коронавирустан дагы оор ооруларга пландуу түрдө эмдөө алып келген. Акыркы 10 жылдын ичинде эле календарга 5 жаңы вакцина кошулган.

«Ал вакциналарды деле ушул эле компаниялар иштеп чыгып жүргөн. Аларды алган балдар, чоңдор жакшынакай эле жүрүшөт, майып болуп калган жок. Бул вакцинаны деле ушундай кабыл алышыбыз керек. Коронавируска каршы вакцина чыгарууга бөлөк завод салынган жок. Ошол эле Pfizer, ошол эле индиялык компаниялар канча жылдан бери вакцина чыгарып келе жатышат. Анын үстүнө  Кыргызстан эле эмделип жаткан жери жок.  Өнүккөн өлкөлөр миллиарддаган акчаларды жумшашты, алар вакцина өндүрүп чыгып, өз элин 100% эмдөөдөн өткөрүштү», — дейт ал.

Ишенапысова Кыргызстанда 12 кишиден турган  илимий-техникалык группа бар экенин, алар келген вакциналарды 10-20 күндөй текшерип, иликтеп чыккандан кийин гана эмдөө жүргүзүүгө уруксат берерин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM