Биз менен байланышыңыз

«Ооганстанда тынчтык орносо, Кыргызстан үчүн жакшы мүмкүнчүлүк ачылат»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Сен 2021 | 2299 | 0

Ооганстанда «Иран сценарийи» болуп кетсе, Кыргызстанга бул өлкө аркылуу Пакистанга электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындай пикирин КР Улуттук стратегиялык институтунун мурдагы кеңешчиси Бакытбек Жумагулов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, «чоң оюнчулар» азыр Ооганстанды талибдерге берип коюп, «эмне болот, кандай болот» деп көз салып турушат. Бирок баары калыбына келет, баары өз позицияларына отурушат.

«Бул — канча кылымдардан бери келаткан кырдаал. Кандайча келет? Кандайдыр бир келишим аркылуу келишет. Мисалы, азыр «Талибан» дүйнөгө «Кытай — биздин досубуз, Орусия менен тынчтык мамиледе болгонго аракеттенебиз» деп жарыялады. Ушул багыт боюнча иш-аракеттер жүргүзүлөт. Ооганстандагы абал тынчтык жолу менен өнүгүп, «Талибан» дүйнөлүк оюнчулар менен иш-аракетин бардык эл аралык тажрыйбада кабыл алынган стандарттар менен жүргүзсө, Кыргызстан үчүн электр энергиясын Пакистанга берүүдө жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Пакистанда азыр чоң энергетикалык кризис. Андай мүмкүнчүлүк болсо, бизде ГЭС куруу маселеси башталат. Мунун баары кырдаал Иран сценарийи менен кетсе, мүмкүн болот», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM