Биз менен байланышыңыз

БШК: Чет жактарда кошумча 9 шайлоо тилкеси ачылат

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Сен 2021 | 2471 | 0

Шайлоого катышууга 75 партия ниетин билдирсе, алардын экөө жарыштан четтетилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акбалык Жумалиева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Партиялар КР мыйзамдарына туура келбеген фактылар үчүн  жарыштан алынган. Алардын бири  — «Эне жүрөгү», экинчиси — саясатчы Турсунбай Бакир уулунун партиясы. Калган 73 партия шайлоого керектүү документтерин толук тапшырып, шайлоого катышканы турушат.

Акбалык Жумалиева чыгымдардын сметасы түзүлө электигин, андыктан алдыдагы парламенттик шайлоого бюджеттен канча каражат сарпталарын айта албай турганын кошумчалады.

БШК мүчөсүнүн маалыматына караганда, чет жактарда добуш берүүчүлөр үчүн кошумча 9 шайлоо тилкесин ачуу каралууда.

«АКШда мурда Вашингтондо эле шайлоо участогу болсо, азыр Чикаго менен Нью-Йоркто дагы ачылды. Италиянын Кальяри шаарында ачылганы турат. Орусиянын 5 шаарында ачылат. Ошондой эле  Москванын өзүндө дагы кошумча тилкелер ачылат», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM