Биз менен байланышыңыз

Дарыгер: Кан басымды ар алты айда текшертип туруу керек

Кыска кабар , Мединфо | 2 Сен 2021 | 423 | 0

Жарандар жок дегенде жылына 1-2 жолу дарыгерге барып, кан басымынын өлчөмүн текшертип туруусу зарыл. Мындай пикирин №4 Үй бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Жамиля Кенжебаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бейтаптар жогору артериялык кан басымы калыбына келгенде, «айыктым» деген ой менен ичип аткан дарысын токтотуп коюшат. Бул — жаңылыш ой. Гипертония кан тамырлардын ичинде өзгөрүү пайда болуунун кесепетинен жаралгандыктан, аны таптакыр айыктыруу мүмкүн эмес. Бейтаптар жазылган дарыны үзбөй ичип, көздүн, мээнин кан тамырларын, бөйрөктөрүн текшертип, анализ тапшырып, ар дайым дарыгердин көзөмөлүндө болуп туруусу керек. Ошондо оорунун өтүшүп кетүүсүнө бөгөт коюлат.

«Айрымдар өзүнүн кан басымы жогору экенин билбей жүрө беришет. Бул учурда оорунун өтүшүп кетүү коркунучу бар. Ошондуктан, бардык жарандар алты айда бир жолу дарыгерге келип, кан басымын өлчөтүп турса, оорунун алдын алмакпыз», — дейт Кенжебаева.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM