Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, эртең, 2-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көлдүн айрым райондорунда өткүн өтөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарында, өлкөнүн тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33;
Талас жергесинде түнкүсүн +9…+14, күндүз +27…+32;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25;
Нарын жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25.
Бишкекте жаан жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +30…+32.