Биз менен байланышыңыз

УКМК Камчыбек Ташиевдин сүрөтү боюнча билдирүү таратты

Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 1617 | 0

Социалдык тармактарда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Ички иштер министри Улан Ниязбековдун гимн жаңырып жатканда тартылган сүрөтү талкууга түштү.

УКМКнын басма сөз кызматы бул боюнча түшүндүрмө берди.

31-августта борбордук аянтта Эгемендик майрамында гимн жаңырып жатканда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев оң колун көкүрөктүн сол жагына коюшкан. Атайын кызмат бул «Мамлекеттик символдор жөнүндө» мыйзамга ылайык аткарылганын билдирди.

«Генерал-лейтенант Ташиев гимн ойнолуп жатканда министрликтердин, мекеме жетекчилеринин жана ардактуу коноктордун катарында болгон. Куралдуу Күчтөрдүн ички кызматынын уставына ылайык, мамлекеттик гимн ойнолуп жатканда, катардагы аскер кызматкерлер командасыз жүрүшкө чыгат. Ал эми командирлер бөлүктүн жанында туруп, колун чыкыйга туштай баш кийимге коюп саламдашат. Камчыбек Ташиев ардактуу коноктордун катарында болгондуктан, гимн ойнолгон учурда оң колун көкүрөккө алган. 

УКМКнын курамындагы күч түзүмдөрү салтанаттуу жүрүшкө чыкканда Ташиев ордунан бир кадам алдыга жылып, колун чыкыйга туштай учурашып тосуп алды. Ошондуктан Ташиев жаран катары да, аскер башчысы катары да туура иш кылган», — деп айтылат билдирүүдө.

УКМК Камчыбек Ташиевди негизсиз сындагандарды бул жагдайды тереңирээк изилдөөгө жана акылга сыйбаган сындардан алыс болууга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM