Гаитиде 14-августта болгон жер титирөөнүн кесепетинен каза тапкандардын саны 1 миң 941 адамга жетти.
Жаратылыш кырсыгынан 9,9 миң адам жабыркаган. Жер силкинүүнүн айынан 60 миңден ашык үй кыйрап, дагы 76 миң имарат жабыркаган.
Европа Биримдиги Гаитиге гуманитардык жардам катары 3 млн евро бөлдү. Ал каражат кырсыктын кесепетин жоюу иштери менен алектенип жаткан гуманитардык уюмдар арасында бөлүштүрүлөт.
Буга чейинн БУУ да жер титирөөдөн жабыркагандарга 8 млн доллар бөлөрүн билдирген.
Мындан 11 жыл мурда, 2010-жылы Гаитиде катуу жер силкинүү болуп, анда 200 миңден ашык киши каза болгон.
БУУ Гаитиде жер титирөөдөн жабыркагандарга 8 млн доллар бөлөт