Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Индияда пайда болгон «Дельта» штаммы Казакстанга жетти

Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 259 | 0

Коронавирустун Индияда пайда болгон «Дельта» штаммы Казакстанга да жетип келди. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги расмий маалымдады.

«Дельта» штаммын жуктуруп алган жаран Нурсултан шаарында катталган. Министрликтин маалыматында, соңку жумада коронавируска чалдыккандардын саны 40%га өскөн.

Саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой аймактардагы ооруканаларды коронавирустун жаңы толкунуна даяр турууга чакырган. Министр негизги басымды жасалма дем алдыруучу аппараттарды көбөйтүүгө жасоо керектигин белгилеген.

Коңшу мамлекетте соңку суткада вирус 1248 адамдан аныкталып, 12 жаран каза тапкан.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM