Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдөгү 44 мамлекет Кытайдын уйгурларга карата репрессияларын сынга алды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июн 2021 | 480 | 0

Дүйнөдөгү 44 мамлекет Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном районундагы адам укуктары маселеси боюнча биргелешкен билдирүү жасап, Кытайдын уйгурларга карата репрессияларын сынга алды.

Ал мамлекеттер аталган аймактагы адам укуктары боюнча маселеге тынчсыздануусун билдирген. Кайрылууга Австралия, Германия, Франция, Улуу Британия, АКШ, Канада, Япония, Украина жана башка мамлекеттер кол койгон.

«Ишенимдүү маалыматтар боюнча Синьцзянда миллиондон ашык киши эч кандай укуктук негизи жок кармалган», — деп айтылат алардын БУУга жолдогон документинде.

Аталган 44 мамлекет Кытайдагы «кайра тарбиялоо лагерлеринде» кармалган адамдар катаал мамилеге дуушар болуп келерин билдиришкен.

Алар Кытайды аталган аймакка көз карандысыз байкоочуларды, анын ичинде БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелеттин баруусуна тез арада мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө чакырган.

Ошондой эле алар билдирүүсүндө Гонконгдо эркиндиктин чектелишине, Тибеттеги адам укуктары менен байланышкан кырдаалга тынчсыздануусун билдиришкен.

Укук коргоочу уюмдардын маалыматы боюнча, Кытайдагы «кайра тарбиялоо лагерлеринде» жүз миңдеген уйгур жана башка улуттук азчылык өкүлдөрү кармалып келет. Ал жакта алар тили, дини жана маданиятынан баш тартууга мажбурланары айтылат. Кытай бул дооматтарды четке кагып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM