Биз менен байланышыңыз

«Алтын сертификат» алгандардын ар бир бешинчиси — «Сапаттын» бүтүрүүчүсү

Кыска кабар | 23 Июн 2021 | 582 | 0

2020-2021-окуу жылы үчүн өткөрүлгөн ЖРТнын жыйынтыгы боюнча, быйыл эң жогорку көрсөткүчтү «Сапат» билим берүү мекемелеринин окуучулары көрсөтө алышты. Алардын жалпы саны он. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди.

Маалыматка ылайык, эң жогорку 232 баллды Караколдогу Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин окуучусу Жайдар Нургазиев алса, «Сапаттын» дагы 9 бүтүрүүчүсү 223-219 баллга ээ болушту.

Негизинен «Алтын сертификат» алуу жагынан «Сапат» окуу жайы жыл сайын лидерликти көрсөтүп келет. Акыркы беш жылдын жыйынтыгын карай турган болсок, орто эсеп менен ар бир бешинчи «Алтын сертификатты» «Сапат» лицейинин бүтүрүүчүсү алган.

Маселен, былтыр «Алтын сертификат» 53 бүтүрүүчүгө тапшырылса, алардын 10у «Сапат» билим берүү мекемелерин аяктагандарга таандык болгон.

2016-2017-окуу жылында — 8

2017-2018-окуу жылында — 14

2018-2019-окуу жылында — 17 бүтүрүүчү «Алтын сертификатка» ээ болгон.

Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемеси – Кыргыз  Республикасында 1992-жылдан бери ишмердигин жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө  «Сапат» –  16 лицейди, Эл аралык «Ала-Тоо» университетин, Эл аралык «Силк Роад» мектебин, 4 толук эмес жалпы билим берүү мектебин камтыйт.

Жыл сайын лицейлердин 10-14 бүтүрүүчүсү ЖРТ негизинде «Алтын сертификатка» ээ болот. Ошондой эле, республикалык жана дүйнөлүк олимпиадаларга катышкан «Сапат» окуучуларынын ийгиликтери туруктуу көрсөткүчтөргө ээ.

Кошумчалай кетсек, быйыл Кыргызстанда 58 бүтүрүүчү «Алтын сертификатка» татыды. Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, быйылкы жалпы республикалык тестирлөөгө 42 817 бүтүрүүчү катышты.

P.S.: Жарыяланган материалдын маңызына «Марал» радиосунун редакциясы жооп бербейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM