Биз менен байланышыңыз

Улуттук банктын төрагасы 120 миң сом айлык алат

Кыска кабар | 23 Июн 2021 | 866 | 0

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айлык акысы 120 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Абдыгулов өзү депутат Бактыбек Турусбековдун суроосуна жооп берип жатып айтты.

Толкунбек Абдыгулов бул айлык маяна ага 2014-жылы бекитилгенин билдирди. Улуттук банкта 705 кызматкер иштейт.

Эл өкүлү Бактыбек Турусбеков Улуттук банк өзүнчө «мамлекет» түзүп алганын, бардык кемчиликтерге өкмөт эле жооп берип калганын айтты. Канча президент алмашса да, Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетпей жатканын сындады.

Парламенттин 23-июндагы жыйынында Улуттук банктын 2020-жылдагы иши жөнүндө банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун отчёту талкууланды. Бир топ депутат банктын ишмердүүлүгүнө нааразылык билдиришти.

Депутат Аалы Карашев Улуттук банктын саясаты жалпы өлкөгө тийиштүү экенин, отчётко баа берүүдө бардык жагдайларды эске алуу керектигин айтты.

Абдыгуловдун отчетун буга чейин парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитеттери жактырган.

Талкуунун жыйынтыгында Улуттук банктын 2020-жылдагы иши жөнүндө отчёт добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM