Биз менен байланышыңыз

Парижде Volocopter компаниясы «учкуч таксисин» сыноодон өткөрдү

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июн 2021 | 706 | 0

Германиянын Volocopter компаниясы Париждин Лё-Бурже аба майданында учкучсуз электр «учак таксисинин» сыноосун өткөрдү.

Аба майданында «учуучу такси» 30 метр бийиктикке көтөрүлүп, саатына 30 чакырым ылдамдык менен 500 метр аралыкты басып өтүп, кайра жерге конгон. Ичинде жүргүнчүлөр болгон эмес.

Volocopter компаниясынын директору Флориан Рейтердин айтымында, учуучу такси эки орундуу. Ал шаар ичинде жүрүү үчүн абдан ыңгайлуу унаа болуп бере алат. Аны менен бара турган жерге коопсуз, тынч жана шаарга үстүдөн көз салып отуруп жетип алса болот.

«Азыр таксиге түшүп жүргөндөр (келечекте – ред.) белгилүү бир каттамдар боюнча Volocopterˈди пайдалана алышат», — деди Рейтер.

Volocopter компаниясына Париж шаарынын бийлиги менен жергиликтүү транспорттук компаниялар өнөктөш болууда. Алар 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндары учурунда «учак таксилерди» ишке киргизүүнү көздөөдө.

Volocopterˈге дүйнөдөгү башка ири шаарлардын да кызыгуусу бар. Кийинчерээк бул таксини атайын даярдалып жаткан тиркеме аркылуу чакырууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM