Биз менен байланышыңыз

Сот депутаттар Жээнбеков жана Зулпукаровду камакта калтырды

Кыска кабар | 23 Июн 2021 | 470 | 0

Бишкек шаардык соту «Кумтөр иши» боюнча камалган Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаровду камакта калтырды.

Алардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочулардын өтүнүчү 23-июнда каралды.

Сот имаратынын алдына депутаттардын тарапташтары чогулду. Алар соттон ишти акыйкат кароону, депутаттарды үй камагына чыгарууну талап кылып, «Саясий куугунтукка жол жок!», «Асылбек Жээнбековго боштондук», «Төрөбай Зулпукаровго боштондук» деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров 31-майда «Кумтөрдөгү» коррупцияга байланыштуу камалган.

22-июнда «Кумтөрдөгү» коррупцияга байланыштуу камалган экс-премьер-министр, мурдагы депутат Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн жок. Бабанов 31-июлга чейин Атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайында болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM