Биз менен байланышыңыз

Орусия АКШ менен анын өнөктөштөрүн Кара деңиздеги аскердик машыгуулардан баш тартууга чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июн 2021 | 352 | 0

Орусия АКШ менен анын өнөктөштөрүн Кара деңиздеги Sea Breeze аскердик машыгууларынан баш тартууга чакырды.

Орусиянын АКШдагы элчилиги билдиргендей, ал машыгуулардын атайын чыгарылган чырга алып келүү тобокелдиги болгондуктан Москва аны өткөрүүдөн баш тартууга үндөйт.

Аталган машыгуулар 28-июндан 10-июлга чейин өтүп, ага 32 мамлекеттен 5 миң аскер жана 32 кеме катышат.

Мындан мурда Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков НАТО Sea Breeze машыгууларынын аркасы менен Украинага заманбап аскердик техника берип, кийинчерээк ал Донбасстагы улутчул батальондор менен Украинанын куралдуу күчтөрүнө өткөрүлүп берилерин билдирген.

«Sea Breeze аскердик машыгууларынын масштабдуулугу менен ачыктан ачык агрессивдүү мүнөзү Кара деңиз аймагындагы коопсуздукту сактоо максатына дал келбейт», — деп айтылат элчиликтин Twitter баракчасындагы билдирүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM