Биз менен байланышыңыз

Депутат: Жол фонду 2023-жылдан тарта иштей баштайт

Кыска кабар | 23 Июн 2021 | 449 | 0

Жогорку Кеңеште «Жол фонду жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциялары биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери: депутаттар Нурбек Алимбеков, Улукбек Ормонов, Аалы Карашев, Акылбек Жапаров.

Нурбек Алимбековдун айтымында, Жол фонду 2023-жылдан тарта иштеп баштайт. Ага каражат топтоо үчүн Бюджет жана Салык кодекстерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Бирок жаңы Салык кодексинин долбоору иштелип жатканына байланыштуу, Жол фондуна төлөмдөрдүн тарифи кийинчерээк аныкталат.

Жол фонду ачылса, анда жылына 10 млрд сомго жакын каражаттын топтолуусу болжолдонууда. Ал каражат жол салуу, оңдоо жумуштарына жумшалат. Кыргызстандын тышкы карызынын 2 млрд доллары жол тармагына тийиштүү.

Жол тармагына мамлекеттик бюджеттен жылына 2 млрд сомдон кем эмес каражат каралышы керек болсо, бюджеттин тартыштыгынан улам 600 млн сом гана бөлүнүп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM