Биз менен байланышыңыз

Кандагы глюкозаны текшерип туруунун инновациялык ыкмасы

Кандагы глюкозаны үзгүлтүксүз текшерип туруу кант диабетин дарылоо жолундагы ийгиликтүү кадам болуп эсептелинет. Бул тууралуу эндокринолог Айсулуу Мурзакулова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Дарыгердин айтымында, ооруну көзөмөлдөө аркылуу келечектеги курч өнөкөт абалдардын алдын алууга болот. Жөнөкөй кант диабети менен ооруган адам күнүнө экиден көп жолу глюкометр аркылуу кандагы глюкозаны өлчөп турушу керек. Ал эми диабеттин 1-тиби менен ооруган жаш балдардыкын 5-8 жолу өлчөө зарыл.

«Бул — баланын колун күнүнө 8 жолу ийне менен тешип кан алуу дегендик. Алардын арасында 2 айлык, 5 айлык ымыркайлар бар, оорусун түшүнгүсү келбеген жеткинчектер бар. Күндө ийне менен колун тешип кан алуу алар үчүн да, алардын ата-энеси, адистер үчүн да оңой эмес. Бирок азыр инновациялык ыкмалар пайда болуп жатат. Анын бири — сенсордун жардамы менен текшерүү. Анда колду тешип кан албай эле, сенсорго телефонду, же атайын аспапты жакындатып, глюкозанын деңгээлин мүнөт, секунд сайын билип турууга мүмкүнчүлүктөр бар. Ошондой мүмкүнчүлүктөр биздин бейтаптарга да жеткиликтүү болушун каалайт элем», — дейт дарыгер.

Ал мындай ыкманы бишкектик бейтаптар колдонуп башташканын, ал эми аймактарда көп оорулуулардын мындан кабары жок экенин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM