Биз менен байланышыңыз

Эндокринолог: Кант диабетин дарылабаса, кесепети жаман болот

Кант диабетин туура эмес дарыласа, же дарыланбаса, анын аягы башка ооруларга да алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу эндокринолог Айсулуу Мурзакулова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Дарыгер инсулин менен кант диабетинин кандай байланышы бар экенин түшүндүрүп кетти.

«Инсулин — кандагы глюкозанын деңгээлин түшүрүп туруучу гормон. Ал кандагы глюкозаны чоң киши кичине баланы жетелегендей жетелеп барып, ар бир клеткага киргизет. Глюкоза ар бир клеткага эмне үчүн керек? Биздин денебиздеги ар бир клетканын иштешине, өсүүсүнө, өөрчүшүнө энергия керек. Ошол энергия бул — глюкоза. Кант диабетинин биринчи тибинде ошол инсулин жок болуп калат. Ошондо сырттан сайылган инсулин клеткага глюкозаны жеткирип берүүчү аспап катары кызмат кылат», — дейт ал.

Экинчи типте инсулин туура эмес иштеп баштайт. Ошол себептен кандагы глюкозанын деңгээли көтөрүлүп тура берет. Глюкозанын көпкө бийик деңгээлде турушу көп органдарга зыян алып келет. Алар: көз, бөйрөк, жүрөк, буттун кан тамырлары, мээнин кан тамырлары. Ошол себептерден улам кант диабети менен ооруган кишилерде инфаркт, инсульт оорулары көбүрөөк кездешет. Кант диабетин туура эмес дарыланса, же дарыланбаса көп учурда бөйрөк жетишсиздигине алып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM