Биз менен байланышыңыз

Кант диабетинин типтери жана келип чыгуу себептери

Кант диабети көп убакыт аралыгында кандагы глюкозанын деңгээлинин туруктуу көтөрүлүшү менен мүнөздөлөт. Анын бир нече тиби бар, тибине жараша келип чыгуу себептери да ар башка. Бул туурасында эндокринолог Айсулуу Мурзакулова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Кант диабетинин эң негизги эки тиби бар. 1-тиби менен жаш балдар, өспүрүмдөр ооруйт. Анын себеби — абсолюттук инсулиндин жетишсиздиги. 2-тиби менен жашы өткөндөр жана толук адамдар ооруйт. Экинчи типтин себеби — ашыкча салмак жана аз кыймылдуулук.

Себебине жараша алдын алуу жолдору да ар кандай. Тилекке каршы, биринчи типтин алдын алууга болбойт. Ал балдарда, жаштарда жөндөн-жөн эле пайда болуп калышы мүмкүн, же вирустук оорунун кесепетинен келип чыгышы мүмкүн, кээде стресстен улам пайда болот.

Экинчи типтин келип чыгуучу факторлорунун алдын алсак болот. Эң негизгиси — бул туура тамактануу жана дене тарбия . Туура тамактануу дегенде бир бейтап эмес, бардык үй-бүлө мүчөлөрү туура тамактанып, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоого аракет кылуусу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM