Connect with us

Коронавируска каршы иммунитет өмүр бою сакталышы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Май 2021 | 872 | 0

Коронавирус менен ооруп чыккан адамдарда COVID-19га каршы иммунитет өмүр бою сакталышы мүмкүн.

ВВСˈнин орус кызматы жазгандай, Америкада COVID-19га каршы иммунитет өмүр бою сакталышы мүмкүндүгүн ырастаган эки изилдөө жасалган. Анын бири Сент-Луистеги Вашингтон университети (Миссури штаты) тарабынан жүргүзүлүп, Nature журналына жарыяланган. Экинчиси Нью-Йорктогу Рокфеллер университетинин молекулярдык биология лабораториясынын жамааты тарабынан жүргүзүлгөн.

Буга чейин коронавируска каршы иммунитет көпкө чейин сакталбайт деп айтылып келген. Окумуштуулар көптөгөн изилдөөлөрдүн негизинде COVID-19дан айыгып чыккан адамдарда бир нече айдан кийин вирустан коргоочу иммуноглобулиндер (антитело) азая баштаганын байкап, COVID-19га каршы иммунитет 1,5-2 жыл сакталышы мүмкүн деп божомолдошкон.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM