Биз менен байланышыңыз

Дарыгер: Бейтаптарда өнөкөт ириңдүү отит оорусу көп кездешет

Кулак ооруларынын ичинен көп кездешкени — өнөкөт ириңдүү отит оорусу. Бул тууралуу врач оториноларинголог, медицина илиминин кандидаты Шухрат Буваев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Бул оорунун төмөнкүдөй белгилери болот: кулактын тарсылдагынын тешик экени, угуунун төмөндөшү, ириң агуу. Дарыгердин айтымында, бул оору бала кезден башталат. Анткени жаш балдардын кулак менен мурундун ортосундагы түтүкчөсү чоңдордукунан айырмаланып, кененирээк болот.  Ошон үчүн инфекция мурун жактан кулакка оңой өтүп, сезгенүү жаралат. Андан кулак ириңдеп, тарсылдак тешилип, акыры өнөкөт ириңдүү отит келип чыгат.

«Тарсылдакты калыбына келтирүү операцияларын учурда көп эле жасап жүрөбүз, анын кыйынчылыгы жок. Бирок адамдын тарсылдагын калыбына келтирүү менен эле жакшы угуп калат деп кепилдик бере албайбыз. Кулак өзү 3 бөлүмдөн турат: тышкы кулак, ортоңку кулак, ички кулак. Тышкы кулак менен ортоңку кулактын функциясы үндү нервге — ички кулакка жеткирип берүү. Ал жерден үн баш мээге кетет. Анан адам баш мээ менен угат.  Эгер бейтап көп жылдан бери ооруп жүргөн болсо, бул сөөкчөлөр ириңдеп, чирип кеткен болушу мүмкүн. Нервдер иштен чыгып калган болушу мүмкүн. Ошон үчүн биринчи текшерип көрүп, анан угууну калыбына келтире алабызбы, жокпу, айтабыз», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM