Биз менен байланышыңыз

Орусияда кредит алууга тыюу салган мыйзам жазылат

Дүйнө , Кыска кабар | 27 мая 2021 | 832 | 0

Орусия Мамлекеттик Думасы айрым жарандардын кредит алуусуна тыюу салган мыйзам долбоорун даярдоодо. Бул тууралуу Орусия парламентинин депутаты Антон Гетта билдиргенин «Интерфакс» жазды.

Депутат белгилегендей, жарандарга банк, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу кредит алуусуна тыюу салуу мүмкүндүгүн берүү каралууда. Тактап айтканда, мындай чектөө жарандардын өз ыктыяры менен жүргүзүлөт.

«Биз азыр анын регламентин жазып жатабыз», — деген ал.

Кокус тыюу салуудан кийин банк же чакан каржы уюму кредит берсе, ал уюм насыяны өзү төлөөгө мажбур болот.

«Жарандарга мыйзам боюнча эч кандай доомат артылбайт. Жакын арада мыйзам кабыл алынат деп үмүттөнөм», — дейт депутат.

Ал кошумчалагандай, кредит алууга кандайдыр бир зарылчылык жаралып калса, жаран ал тыюу салууну оңой эле алып сала алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM