Биз менен байланышыңыз

Еврокомиссия Facebookˈту текшерет

Дүйнө , Кыска кабар | 27 мая 2021 | 633 | 0

Еврокомиссия Facebookˈту монополияга каршы мыйзамдарды бузууга шектеп, текшерүүгө алууну көздөөдө. Бул тууралуу «Файнэншл таймс» гезитине шилтеме келтирип, ru.euronews.com жазды.

Маалыматка ылайык, Брюссель компаниянын интернет сатуу тармагы боюнча текшерүү жүргүзүүгө даярданууда.

«Басылма билдиргендей, Евробиримдиктин расмий адамдары Facebook менен анын атаандаштарына тиешелүү анкеталарды жөнөткөн. Анын максаты америкалык гигант атаандаштарына бут тосуп-тоспогонун, бизнес-жарыяларды жайгаштыруу эрежелерин бузуп-бузбаганын аныктоо», — деп жазат сайт.

Азырынча Facebook Евробиримдик антимонополиялык иликтөө жүргүзбөгөн жалгыз ири америкалык технологиялык компания болууда. Буга чейин Microsoft, Amazon ж.б. компаниялар текшерүүгө алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM