Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстандын борборунда «шаардын ичиндеги шаар» курулат

Дүйнө , Кыска кабар | 27 мая 2021 | 838 | 1

Түркмөнстандын борбору Ашхабаддын түндүгүндө «Ашхабад-сити» ири турак жай комплекси курулат. Бул тууралуу Түркмөнстандын orient.tm агенттиги жазды.

Маалым болгондой, «шаар ичиндеги шаарда» курулган турак үйлөрдө 17 миң 836 батир болот. Алар болжол менен 107 миң адамга эсептелген.

«Ашхабад-ситинин» аянты 774 гектарды ээлейт. Анда турак жайдан тышкары, 1 миң 200 орундуу 4 бала бакча, 3 миң орундуу 4 мектеп, 5 миң орундуу стадиону бар чоң спорт комплекс, маданият үйү, ошондой эле бейтапкана, тамактануучу жайлар, банктардын филиалдары, сейил бактар болот.

1 пикир

1 пикир

  1. Абдилазиз

    27.05.2021 17:34

    Ушундай шаарчаларга уруксат берсе ишкерлер курушат эле.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM