Биз менен байланышыңыз

«Интерди» чемпиондукка жеткирген Антонио Конте клубдан кетти

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 27 мая 2021 | 1072 | 0

Италиянын «Интер» футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Антонио Конте клубдан кетти. Бул тууралуу interfax.by агенттиги жазды.

Аталган клубдун сайтында айтылгандай, эки тарап бир пикирге келип, келишимди жокко чыгарууну чечишкен. Андан мурдараак айрым ММКлар башкы машыктыруучу менен клубдун ортосундагы пикир келишпестиктен улам 51 жаштагы Антонио Конте ээлеген кызматынан кетип жатканын жазышкан.

Конте «Интерге» 2019-жылы келген. 2020-2021-жылдагы сезондун жыйынтыгы менен миландык клуб Италиянын чемпиону болгон. Ага чейин 2010-жылы да өлкө чемпиондугуна жеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM