Биз менен байланышыңыз

Казакстанда 2 миллиондон ашык адам коронавируска каршы эмделди

Дүйнө , Кыска кабар | 27 мая 2021 | 466 | 0

Казакстанда 24-майга карата 2 млн 56 миң 768 адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргенин «Казинформ» агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, вакцина алгандар боюнча алдыда Алматы шаары келе жатат. Ал жакта 300 миң 205 адам коронавируска каршы эмделген. Акыркы орунда Мангыстау облусу турат – 38 миң 750 адам вакцина алган. Ал эми Нур-Султан шаарында 157 мин 151 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM