Биз менен байланышыңыз

Түштүк Корея күздөн тарта «Спутник V» вакцинасы өндүрө баштайт

Дүйнө , Кыска кабар | 27 мая 2021 | 497 | 0

Түштүк Корея орусиялык «Спутник V» вакцинасын ушул жылдын күз айларынан тарта өндүрүп баштайт. Бул тууралуу Кореянын Улуттук жыйынынын төрагасы Пак Пён Сок билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.

«Кореяда жети ишканадан турган консорциум уюшулуп, алар Орусиянын Түз инвестициялар фонду менен келишим түзгөн. Ага ылайык ушул жылдын күз айында Орусия вакцинасынын өндүрүлүшү башталат», —  деген ал.

Белгилей кетсек, учурда «Спутник V» вакцинасы Орусиядан тышкары бир катар өлкөлөрдө өндүрүлүп жатат. Жакында эле болуп өткөн Кыргызстан менен Орусия президенттеринин жолугушуусунда аталган вакцинаны Кыргызстанда да чыгаруу демилгеси көтөрүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM