Биз менен байланышыңыз

«Вильяреал» алгачкы ирет Европа лигасын жеңип алды

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 27 мая 2021 | 887 | 0

Испаниялык «Вильяреал» футболдук клубу алгачкы ирет Европа лигасын жеңип алды. Бул тууралуу ВВСˈнин орус кызматы жазды.

Мелдештин финалдык беттешинде «Вильяреал» англиялык «Манчестер Юнайтед» менен ойногон. Оюндун негизги убактысы 1:1 эсебинде аяктаган. Кошумча берилген 30 мүнөттүктө да эсеп өзгөргөн эмес.

Пенальтилер сериясында да тең чыгышкан. Соңунда беттештин тагдырын чечүү милдети дарбазачыларга жүктөлүп, испаниялык клубдун дарбазачысы Херонимо Рулли өз клубуна жеңиш алып келди: ал алгач «Манчестер Юнайтеддин» дарбазачысы Давид де Хеага пенальтиден гол киргизип, андан кийин атаандашынын тобун тосуп калууга жетишти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM