Биз менен байланышыңыз

Япония эли Олимпиада оюндарынын өз өлкөсүндө өтүшүнө каршы чыгууда

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 26 мая 2021 | 869 | 0

Япония алдыдагы олимпиада жана паралимпиада оюндарын коопсуз өткөрүүгө даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Япониянын Олимпиада жана Паралимпиада оюндарын уюштуруу комитетинин башчысы Сэйко Хасимото билдирди.

Ал белгилегендей, калк арасында оюндарды өткөрүү өлкөнүн эпидемиологиялык абалына терс таасирин тийгизиши мүмкүн деген кооптонуулар болууда.

«Олимпиадага эки ай калды. Оюндардын тынч жана коопсуз өтүшүнө даярдык көрүлүүдө. Бирок аны өлкөнүн калкы менен Токионун тургундары сезе алышы үчүн кошумча аракеттер көрүлүшү керек. Бир топ жарандарыбыз (Олимпиадага – ред.) көп спортчу жана делегация өкүлдөрү келет деп кооптонууда», — дейт ал.

Май айынын баштарында Япониянын «Yomiuri Shimbun» басылмасы сурамжылоо жүргүзүп, ага катышкандардын 60%ы олимпиаданы өткөрбөө же аны жылдыруу тууралуу оюн айткан. Бирок Олимпиада жана Паралимпиада оюндарын уюштуруу комитети мелдеш быйыл өткөрүлө турганын билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Токиодогу Олимпиада (ошондой эле Паралимпиада) оюндары былтыр өткөрүлүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу оюндар 2021-жылга жылдырылган. Быйыл Олимпиада мелдештери 23-июлдан 8-августка чейин, ал эми Паралимпиада 24-августтан 5-сентябрга чейин өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM