Биз менен байланышыңыз

Япония 2020-жылы аскерий чыгымдарына 49,1 млрд доллар сарптаган

Дүйнө , Кыска кабар | 26 мая 2021 | 412 | 0

Япония 2020-жылы аскерий чыгымдарына 49,1 млрд доллар сарптаган. Бул тууралуу nippon.com сайты жазды.

Маалыматка ылайык, былтыр бардык мамлекеттер аскерий чыгымдарга жалпы 1,981 трлн доллар короткон. Анын ичинен Япониянын үлүшү 2,5%ды түзүп, Күн Чыгыш өлкөсү бул көрсөткүч боюнча дүйнөдө мурункудай эле 9-орунду ээлеген.

Белгилей кетсек, дүйнөдө аскерий чыгымдарынын көрсөткүчү боюнча алдыда АКШ турат (778 млрд доллар). Андан кийинки орунду Кытай (252 млрд доллар), Индия (72,9 млрд доллар), Орусия (61,7 млрд доллар), Улуу Британия (59,2 млрд доллар), Сауд Аравиясы (57,5 млрд доллар), Германия (52,8 млрд доллар), Франция (52,7 млрд доллар), Япония (49,1 млрд доллар) жана Түштүк Корея (45,7 млрд доллар) ээлейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM