Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Евробиримдик жакыр өлкөлөргө дээрлик 100 млн доза вакцина берет

Дүйнө , Кыска кабар | 26 мая 2021 | 459 | 0

Евробиримдик ушул жылдын аягына чейин кирешеси аз өлкөлөргө коронавируска каршы дээрлик 100 млн доза вакцина берет. Бул тууралуу Европа Биримдигинин саммитинин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган билдирүүдө айтылганын dw.com жазды.

Маселен, Германия менен Франция 30 млн доза вакцинаны берүүгө даяр экенин билдирген. Ошол эле учурда Дания менен Швеция 3 миллион дозадан берүүгө даяр.

Белгилей кетсек, учурда Европада 18 жана андан улуу жаштагы жарандардын 46%ы кеминде COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM