Биз менен байланышыңыз

Индияда 3,5 млн адам тропикалык циклондон улам эвакуацияланды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 мая 2021 | 584 | 0

Тропикалык циклондон улам Индиянын чыгыш жээктериндеги Одиша жана Батыш Бенгалия штаттарынын дээрлик 3,5 млн тургуну коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу NDTV телеканалына шилтеме келтирип, ТАСС агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Одиша штатынан 3 миллионго жакын, Батыш Бенгалиядан дээрлик жарым миллион адам эвакуацияланган.

Бүгүн түшкө жуук (Бишкек убактысы боюнча) Индиянын чыгыш жээктерине жеткен циклон бактарды кулатып, электр линияларын үзгөн.

Мындан мурдараак Индиянын улуттук метеорологиялык кызматы, циклон Бенгаль булуңу тараптан келип, кара нөшөр менен коштолуп, шамалдын ылдамдыгы саатына 155 чакырымга чейин жетерин билдирген. Аны менен бирге суу жээгиндеги аймактарда суу ташкыны болору да эскертилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM