Биз менен байланышыңыз

«MoveGreen» уюму экологиялык маалымат базасын ишке киргизди

Кыска кабар | 18 мая 2021 | 361 | 0

Кыргызстандагы «MoveGreen» экологиялык уюму маалымат базасын ишке киргизди. Бул тууралуу уюмдан кабарлашты.

Маалымат база Кыргызстандын экологиялык маселелерине, айлана-чөйрөнү коргоого кыйыр же түз байланышкан анализдерди, илимий изилдөөлөрдү, макалаларды жарыялоо, аларды сактоо, колдонуу максатында ачылган.

Ал төмөнкүдөй тогуз компонентти камтыйт:

  • Абанын сапаты;
  • Биологиялык ар түрдүүлүк;
  • Энергия;
  • Климаттын өзгөрүшү;
  • Жер ресурстары;
  • Транспорт;
  • Суу ресурстары;
  • Айыл чарба;
  • Таштанды.

Экологиялык маалымат базасы «Медиа Баатырлары: Журналистиканын мыкты тажрыйбаларын түзүү» долбоорунун алкагында АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин каржылык колдоосу менен иштелип чыккан.

Кызыккан ар бир жаран айтылган маалыматтар менен data.movegreen.kg сайтынан таанышып турса болот.

Ошондой эле журналисттер үчүн 2-июнда 17:00дөн 18:00гө чейин, 3-июнда 12:00дөн 13:00гө чейин, 4-июнда 13:00дөн 14:00гө чейин Zoom платформасында базанын онлайн-бет ачары өтөт. Ага forms.gle шилтемеси аркылуу катталып, ыңгайлуу убакытты тандап алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM