Биз менен байланышыңыз

Дагы 224 адамдан коронавирус табылды

Кыска кабар | 16 мая 2021 | 796 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 224 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Бишкекте 150 учур, Ош шаарында 3, Чүй облусунда 41, Ош облусунда 2, Нарында 6, Ысык-Көлдө 18, Жалал-Абадда 2 учур катталды.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде Бишкек шаарынан – 192, Ош шаарынан – 3, Чүй облусунан – 74, Ош облусунан –2, Талас облусунан – 2, Нарын облусунан – 7, Ысык-Көл облусунан – 10, Жалал-Абад облусунан – 9, Баткен облусунан – 1, жалпы 300 бейтап сакайып чыкты.

16-майга карата коронавирустан 8 адам каза болду, ал Бишкек, Чүй, Ысык-Көлдө катталды.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 1733 бейтап, үй шартында 2427 адам дарыланууда. 1183 бейтаптын абалы орто оордукта, 433 адамдын абалы оор жана 95 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

Пандемия башталгандан бери 100 миң 473 адамга коронавируска чалдыгып, анын ичинен 93 миң 602 бейтап айыгып, 1703 адам каза тапты.

Бир сутка ичинде  7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Пандемия башталгандан бери 4546 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, анын 4473ү айыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM