Биз менен байланышыңыз

Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата даярдык иштери каралууда

Кыска кабар | 16 мая 2021 | 832 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгын майрамдоо боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

«Мамлекеттин эгемендүүлүккө ээ болуусунун 30 жылдыгы тарыхый маанилүү иш-чара болуп саналат жана иш-чараларды уюштуруу жогорку деңгээлде жүргүзүлүшү керек. Окуянын маанилүүлүгүн эске алуу менен пландагы ар бир иш-чара жарандардын жана өсүп келе жаткан муундун аң-сезимин патриоттуулукка жана Ата Мекенди сүйүү сезимин калыптандырууга багытталуусу тийиш», — дейт Марипов.

Мамлекеттин түптөлүшүнүн 30 жылдыгын майрамдоо боюнча иш-чараларынын планына Бишкек шаарында жана аймактарда өткөрүлчү 100дөн ашуун иш-чаралар киргизилген. Ошондой эле, улуу Кыргыз каганатынын түзүлүшүнөн баштап, азыркы мезгилге чейинки өлкөнүн басып өткөн жолу тууралуу сүрөт китебин түзүү пландаштырылууда.

Улукбек Марипов белгилегендей, бардык иш-чаралар республикадагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, санитардык ченемдерге жана талаптарга ылайык жүргүзүлүшү керек.

Министрлер кабинетинин башчысы өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгын майрамдоо боюнча иш-чаралар планын толуктап иштеп чыгууну жана сын-пикирлерди эске алуу менен үч күндүн ичинде уюштуруу комитетинин талкуулоосуна сунуштоону тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM