Биз менен байланышыңыз

Руслан Казакбаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу менен жолукту

Кыска кабар | 16 мая 2021 | 647 | 0

15-майда, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу менен анын дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу жолугушуусу болду өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Р.Казакбаев элчи Д.Луну Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы жогорку кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктады.

Жолугушууда акыркы жылдардагы тараптардын өз ара аракеттенүүлөрүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Кызматташуунун келечектүү багыттары, алдыда боло турган эки тараптуу байланыштардын графиги талкууланды. Кызматташуу жөнүндө базалык макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү оң бааланды. Тараптар регионалдык коопсуздук, ошондой эле тараптардын укук коргоо органдарынын ортосунда кызматташууну бекемдөө маселелерине да токтолушту.

Министр Р.Казакбаев элчи Д.Луга ак жол жана өз ара пайдалуу кыргыз-америка кызматташуусун мындан ары бекемдөө ишиндеги анын жаңы кызматына ийгиликтерди каалады.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM