Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, эртең, 17-майда аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30;
Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21;
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;
Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 27…29 градус болот.