Биз менен байланышыңыз

А.Алимбаев: Облустагы кырдаалды толук турукташтырууда ар бир мекеме жетекчисинин жоопкерчилиги бар

Кыска кабар | 16 мая 2021 | 835 | 0

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикерим Алимбаев, 15-майда, буга чейин кыргыз-тажик чек арасында орун алган акыркы окуядан улам түзүлгөн кырдаал боюнча, облустук мекеме ишканалардын жетекчилери менен жыйын өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Облус башчысы биринчи кезекте жарандардын турак үйлөрүн куруу иштери менен катар, алардын  чек арадагы окуяда жоголгон, өздүгүн тактоочу документтерин калыбына келтирүү иштерин тездетүүнү тапшырды.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл чек ара аймактарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн ЖРТ маселесин көтөрдү. Орун алган окуяларга байланыштуу жана Баткен облусунун өлкө борборунан алыстыгын, шартынын катаалдыгын эске алып, ЖРТнүн босого балын төмөндөтүү, жеңилдиктерди берүү боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.

Алимбаев жетекчилерге облустун ар бир айылын мектеп, бала бакча, спорт аянтчасы жана ФАП менен камсыздоо боюнча программа даярдоо, эл аралык кызматташууну жандантуу менен инвестиция тартуу, алыскы айылдарда жумуш орундарын түзүүчү ишканаларды куруу, жазгы талаа жумуштарын үзгүлтүккө  учуратпоо үчүн сугат суунун жетиштүүлүгүн камсыздоо маселелерин  койду.

Ошондой эле облуста кырдаалды толук турукташтыруу, чек ара аймактарында калыбына келтирүү жумуштарын бүткөрүү, жарандарды турак жай менен камсыздоо, аларды мурдакыдай жай турмушка алып келүү боюнча ар бир мамлекеттик мекеменин жетекчисине зор жоопкерчилик жүктөлгөнүн белгилеп, жыйынга келбеген жетекчилерге тартиптик чаралар көрүлөөрүн айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM