Биз менен байланышыңыз

«Аялзаттын ийгиликке жетүүсүнө үй-бүлө эч качан тоскоол болбойт»

Коом | 14 мая 2021 | 2083 | 0

Бүгүн, 14-майда «Ыйык Ата Журт» коомдук жаштар фонду «Аялзатынын коомдогу орду» аталышындагы тегерек стол өткөрдү. Иш-чара Жогорку Кеңештин депутаты Бурун Аманова, алып баруучу жана коомдук ишмер Айжан Акылбекова, журналист Жазгүл Жамангулова, теолог Рахат Аманбаева сыяктуу элге белгилүү, ийгиликтүү айымдардын катышуусунда өттү. 

Учурда аялзатына болгон сый-урмат жыл өткөн сайын алсырап бараткандай. Коомубузда аялзаты өзүнүн укуктарын жана милдеттерин айырмалай албай калган учурлар кездешүүдө. Акыркы учурда аялзатына карата адамдын үрөйүн учурган да көрүнүштөр болуп жатат. «Ыйык Ата Журт» коомдук жаштар фондунун мүдүрүнүн орун басары Назира Жакыпова өтүп жаткан иш-чаранын негизги максатын түшүндүрүп берди:

— Иш-чаранын негизги максаты: аялдардын коомдогу ордун белгилөө; аялзатын бир гана өмүрлүк жар, эне, эже же карындаш катары чектебестен, ар тараптуу кароо. Иш-чарага атайын коомдо ордун тапкан белгилүү айымдарды чакырдык. Себеби өсүп келе жаткан жаш муундарыбызга ушундай ийгиликтүү айымдар бар экенин практика жүзүндө көрсөтүүгө аракет кылдык. Бүгүнкү күндө мындай нерселерге сөз менен ишендирүү кыйын. Ошондуктан, жаштарга далил катары ушул айымдарды иш-чарага чакырдык.

Жогорку Кеңештин депутаты Бурун Аманованын айтымында, учурда мамлекеттик кызматтарда аялдардын саны өсүп жатканы — жакшы көрсөткүч.

— «Ыйык Ата Журт» коомдук жаштар фонду жакшы теманы көтөрүп чыкты. Ал эми аялдардын бийликтеги ордун айтсам, Жогорку Кеңеште 30%дык квота бар. Квота мурда сакталбаса, азыркы күндө жакшы сакталып келе жатат. Бийликтеги аялдар коомдогу аялзатына тиешелүү болгон социалдык маселелерди дайыма көтөрүп келебиз. Ал көйгөйлөрдүн чечүү жолдорун да карап, колубуздан келишинче жардам көрсөтөбүз. Мамлекеттик кызматтарда да аялдар сөзсүз болушу керек. Айылдык, шаардык кеңештерде, Жогорку Кеңешке да шайлоо боло турган болсо, аялдар да өзүнүн квотасы менен келип, өзүнүн тармагындагы көйгөйлүү маселелерди көтөрүп чыгып, коомго пайдалуу иштерди жасаса болот.

Журналист Жазгүл Жамангулова аялзаты үчүн үй-бүлө маанилүү болушу керек экенин белгилейт. Ал аялзатынын кесиби аркылуу ийгилик жаратуусуна үй-бүлө эч качан тоскоол болбосун айтат.

— Кыска аралыкка койгон максат менен жашасак, албетте, карьера болуп көрбөгөндөй жакшы иш. Бирок биздин да бирөөнүн мээримине муктаж болгон учурубуз келет. Ошол учурда сиздин карьераңыз сизге бала же күйөө болуп бербейт. Азыр Европа ушунун кесепетинен азап чегип жатат. Ал жакта илим, билим өнүккөн, технология бар, бирок адам жок. Биз китепканаларга китеп окуганы барсак, аларда адамдар менен сүйлөшкөнү келишет. Жакшы нерсеге жетүү үчүн жашооңдо бир нерсеңди курмандыкка чалышың керек. Келечекти карап, алдыда карылык келе турганын сезип, өмүргө болгон арканды узун таштасак, албетте, үй-бүлө маселеси биринчи орунда болушу керек.

Теолог Рахат Аманбаева: «Аял — ааламдын мугалими, тарбиячысы» дейт.

— Коомдо аялзатына тиешелүү тема көтөрүлүп жатса, бул нерсенин себеби бар. Акыркы убакта болгон окуялар коомдун кыжырын кайнатып жатат. Аялзатына болгон көз караштын өзгөрүшүнө себеп болууда. Ар бир аялзаты коомдо кайдыгер эмес, элине, жерине пайдасы тийген, келечектеги муунга, өсүп келе жаткан кыз балдарга жакшы тарбия берип, үлгү боло турган аял болууга белди бекем байлашы керек.

Иш-чара ар бир адамга таасир калтыруучу сөздөр менен жыйынтыкталып, ар бир катышуучу иш-чара тууралуу өз пикирлерин билдиришти. Укук коргоочулардын пикиринде, коомдогу ар бир аялзаты өзүнүн ордун таап, өзүнүн укуктарын жана милдеттерин билиши керек. Педагогдордун айтымында, ар бир өсүп келе жаткан жаш муунду мыкты инсан кылып тарбиялоо аялзатынын бирден бир милдети болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM