Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаарында жарыктандыруу иштери уланууда

Кыска кабар | 10 мая 2021 | 435 | 0

«Бишкек жарык» муниципалдык ишканасы тышкы жарык тармактарын модернизациялоо боюнча иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Борбордун бардык райондорунда жарык орнотуу жана оңдоо иштери уланууда. Бул жолу борбор калаанын жарыктандыруучулары Москва көчөсүнүн боюна Орозбеков көчөсүнөн батыш тарапты көздөй өзүн-өзү изоляциялаган зым орнотту. Байтик Баатыр көчөсүндө Горький көчөсүнөн Скрябин көчөсүнө чейин дагы 10 светодиоддук чырак жандырылды.

Свердлов районунун аймагында Гоголь көчөсүнүн бою, Чүй проспектисинен Москва көчөсүнө чейин  680 метр өзүн-өзү изоляциялаган зым,  Изюмский чолок көчөсү Щербаков  көчөсүнөн түндүк багытты карай  10 көчө чырагы орнотулду. Шаардыктардын өтүнүчү менен Күрөңкеев жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги чырак оңдолду. Ленин районунда Ак-Кайын көчөсүнө 12, Шабдан көчөсүнө Ахунбаев көчөсүнөн Ак-Марал көчөсүнө чейин 14 чырак орнотулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM