Биз менен байланышыңыз

Ички иштер министри Баткен облусуна барды

Кыска кабар | 10 мая 2021 | 404 | 0

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Баткендеги чек ара жаңжалында талкаланган милиция имараттарын кайра калыбына келтирүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Ниязбеков Баткен облусунун Лейлек, Баткен райондорундагы айылдарды кыдырып, кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлери, ИИМдин Ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгү менен жолукту.

Министр Баткен районунун Жаңы-Жер айылдык милициясынын имаратына кошумча корпус салуу долбоору менен таанышты. Айылдык милициянын имаратын Лейлек райондук милициясынын балансына алуу маселесин карап чыгуу талабын койду.

Ошондой эле жаңы салына турган имаратты тез арада бүтүрүп, азыркы бөлүмчөнү учурдун талабына ылайык ондоп-түзөөдөн өткөрүү тапшырмасын берди.

Иш сапардын жүрүшүндө Улан Ниязбеков Максат айылындагы милициянын аймактык бөлүмчөсү менен да таанышып, аны да тез арада кайра калыбына келтирүүнү айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM