Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров май айынын аягында Москвага барат

Кыска кабар | 10 мая 2021 | 687 | 0

Президент Садыр Жапаров май айынын аягында Москвага иш сапары менен барат. Бул тууралуу бүгүн Орусия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда маалым болду.

Орусия президенти Путин Садыр Жапаров менен бүгүн кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн жаңжал тууралуу талкуулаган. Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар ушул жылдын май айынын аягында Садыр Жапаровдун Москвага иш сапарын макулдашкан. Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана Евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелери каралат. Тараптар ЖККУнун, КМШнын жана ШКУнун алкагында, аймактык коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурушат.

Мамлекет башчылары ошондой эле коронавирус инфекциясыны каршы көрүлүп жаткан иш-чаралар, анын ичинде Орусия вакцинасын Кыргызстанга жеткирүүнү талкуулашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM