Биз менен байланышыңыз

Жылдыз Бакашова Ирактан кайтарылган балдардан кабар алды

Кыска кабар | 10 мая 2021 | 338 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактан мекенге кайтарылган балдардын абалынан кабар алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда балдар социалдык мекемеге жайгаштырылып, медициналык кызматерлердин, психологдордун, педагогдордун тийиштүү тейлөөсүн алууда. Тармактык мамлекеттик органдар балдардын документин калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө.

Жылдыз Бакашова балдардын жашоо-шарты, тамактануусу, ошондой эле аларды келечекте коомго аралаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар менен таанышты. Ал балдар үчүн маданий мүнөздөгү жана жалпы билим берүү иш-чараларынын өткөрүлүшү маанилүү экенин белгиледи.

Жыйынтыгында тийиштүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Эске салсак, «Мээрим» гуманитардык акциянын алкагында 79 бала Ирактан алынып келинген. Анын — 38и эркек балдар, 41и — эки жаштан он сегиз жашка чейинки кыздар болгон. Алардын 90 пайызы (63 бала) аз кандуулуктан жабыркайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM