Connect with us

Президент банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 10 Май 2021 | 440 | 0

Президент Садыр Жапаров 10-май — банк кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоо жолдоду.

Төмөндө куттуктоо текстин өзгөртүүсүз беребиз.

«Урматтуу банк секторунун кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Банк сектору приоритеттүү тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн банктык кызматтарды көрсөтүү, финансылык ресурстарды үлөштүрүү аркылуу өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойнойт.

Кыргызстандын банк системасы коронавирус пандемиясы менен байланышкан глобалдык экономикалык туруксуздукка карабастан стабилдүү иштеди. Банк секторунун туруктуу көрсөткүчтөрү айтылгандарга далил.

Финансылык стабилдүүлүк жана банк системасынын коопсуздугу банк кызматкерлеринин өз ишине берилип иштегендиги менен жетишилген.

Сиздердин алдыңыздарда жаңы милдеттер турат. Дүйнөдө финансылык технологиялардын динамикалык өнүгүшүн эске алуу менен банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн санарип инфраструктурасын өнүктүрүүнү, инновациялык банк операцияларын жана санариптик төлөм технологияларын киргизүүнү тездетүү керек.

Экономикалык активдүүлүктү тез арада калыбына келтирүү максатында жеңилдетилген каржылоо, жарандарга жана ишкерлерге финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү аркылуу экономиканын реалдуу секторун колдоо боюнча ишти активдештирүү зарыл.

Сиздердин тажрыйбаңыздар жана билимиңиздер өлкөнүн банк системасынын мындан ары өнүгүшүнө жардам берет деп ишенем.

Сиздерге ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана ишиңиздерде ийгилик каалайм!»

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM