Биз менен байланышыңыз

Айрым жарандардын паспорту акысыз берилет

Кыска кабар | 10 мая 2021 | 678 | 0

Президенттин жарлыгына ылайык, айрым категориядагы жарандарга 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карта (паспорт) акысыз берилип баштады.

Мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Чынара Усупбаева: «Буга чейин 5 категориядагы жарандарга паспорт акысыз берилип келген. Жакындан тарта кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандар да паспортту акысыз алуу категориясына кирди», — деп маалымдады.

Төмөнкү категорияга кирген жарандарга паспортту акысыз берүү 1-майдан 31-августка чейин жүргүзүлөт:

-интернаттарда жашаган 16 жашка толгон балдар;

-томолой жетимдер;

-интернаттарда жашаган майып балдар;

-карылар үйүндөгү 70 жаштан жогорку пенсионерлер;

-Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана Баткен окуясынын катышуучулары;

-кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM