Connect with us

Бажы кызматы менен коммерциялык банктын мыйзам бузуусу ишкерди зыянга учуратты

Кыска кабар | 10 Май 2021 | 487 | 0

«М» жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун кайрылуусу боюнча Башкы прокуратура тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен Мамлекеттик бажы кызматынын жана коммерциялык банктардын биринин кызматкерлери тарабынан жасалган мыйзамсыз аракеттер аныкталды.

2018-жылы «М» ЖЧКсы «Импорттук бажы төлөмдөрүн» төлөө максатында Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгынын эсебине банк аркылуу 40 миллион сом которгону такталган. Бирок, банктын кызматкерлери белгисиз себептерден улам, «Импорттолгон товарларга КНС» белгиси менен акчаны башка эсепке которушкан жана маркаланган ЖЧКга жасалма төлөм тапшырмасы берилген.

«ЖЧК тарабынан 2018-жылы товарлар бажы органдары аркылуу жасалма төлөм тапшырмасы менен ташылып келген. Документтерди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн бажы кызматкерлери аларды каттоодо товарларга декларация жүргүзүшкөн эмес. Натыйжада, ченемдик укуктук актылардын талаптары одоно бузулган. Төлөмдөрдү эсепке алууга жооптуу бажы кызматкерлери үч жылдан бери бажы төлөмдөрүн чегерүү, которуу жана кайтарып берүү боюнча эсеп-кысап иштерин жүргүзүшкөн жок жана компания менен бажы органдарынын ортосунда ай сайын маалыматтарды салыштыруу жүргүзүлгөн жок», — деп билдирди Башкы прокуратура.

Көзөмөлдөөчү орган бажы органдары 2021-жылдын март айында «М» ЖЧКсына айыптарды негизсиз чегерип, натыйжада ишкердик субъектинин мыйзамдар менен корголгон укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келгендигин белгиледи.

Материалдар Жазык кодексинин 320 (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 233 (коммерциялык же башка уюмдардын ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 359-беренелери (документтерди жасалмалоо) беренелери боюнча катталган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM