Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Бишкек шаарындагы COVID-19 илдетине чалдыккандарды дарылоо үчүн ачылган стационарларда 90 бош орун бар экенин маалымдады.
— Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында — 6;
— №2 клиникалык төрөт үйүндө — 5;
— Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасында — 30;
— №1 шаардык клиникалык ооруканасында — 17
— №6 шаардык клиникалык ооруканасында — 6
— Улуттук кардиология жана терапия борборунда — 9
— Чүй облустук бириккен ооруканасында — 4
— Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын тейлеген бөлүмүндө — 5
— Улуттук онкология жана гематология борборунда — 8 бош орундук бар.