Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 206 чет өлкөлүк унаа жол эрежесин бузган

Кыска кабар | 10 мая 2021 | 358 | 0

Бишкекте бир жумада 206 чет өлкөлүк унаанын айдоочусу эреже бузган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кайгуул кызматкерлери 1-майдан 7-майга чейинки аралыкта каттоо мөөнөтү өтүп кеткен, айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлерди аныктоо боюнча атайын иш-чара өткөргөн.

Айдоочусу жол эрежесин бузган 206 чет өлкөлүк автоунаанын 162си Орусиянын, 10у Армениянын, 4ү Грузиянын, 7си Абхазиянын, 1и Азербайжандын, 12си башка өлкөлөрдүн номурлары менен жүргөн.

Кайгуул кызматынан кошумчалашкандай, жол эрежесин бузган айдоочулардын баарына Бузуулар жөнүндө кодекстин беренелеринин негизинде тиешелүү протоколдор толтурулуп, 8 унаа айып короосуна токтотулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM