Биз менен байланышыңыз

Баткенде документин кайра жасатуу үчүн 117 жаран кайрылды

Кыска кабар | 10 мая 2021 | 298 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы коогада жапа чеккен жарандардын документтерин калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат.  Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. 

Көк-Таш, Максат айылдарында жана Баткен шаарында көчмө тейлөө борборлору жарандардын арыздарын алышты.

Маалым болгондой, 49 паспорт (ID-карта), 34 туулгандыгы тууралуу күбөлүк, 10 нике күбөлүгү, 12 айдоочулук күбөлүк, 1 транспорттук каражатты каттоо жөнүндө күбөлүгү, 7 маркумдун өлүмүн тастыктоо күбөлүгүн алуу боюнча арыз келип түшкөн. Мобилдик топтун кызматкерлери бардык керектүү формаларды толтуруп, сүрөткө тартып, тиешелүү маалыматтарды топтошту.

Мындан тышкары кандуу кагылышта жабыркап, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жаткан 4 жарандын документин калыбына келтирүү иштери жеринде тейленди. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM