Биз менен байланышыңыз

Бразилияда куралдуу кагылышта 25 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 7 мая 2021 | 1035 | 0

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарындагы метродо полиция менен кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ортосунда атышуу болду. Натыйжада 25 адам каза болгонун «G-1» порталы маалымдады.

Атышуу Рио-де-Жанейронун түндүгүндөгү Жакарезиню шаарында полиция кызматкерлери тарабынан адам сатуунун алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн атайын операция учурунда болгон. Кылмышкерлерди кармоо маалында ички иштер органдарынын ишинде эч кандай ката жана кемчилик болбогону белгиленүүдө.

Курман болгондордун 24ү кылмышкер, 1 адам полиция кызматкери болгон.

Дагы эки полиция жана эки жүргүнчү жаракат алганы кабарланып, бирок алар жөнүндө толук маалымат берилген жок.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиришинче, бул ирет 2016-жылдан бери атайын операцияда рекорддук жоготуулар катталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM